Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Кадамжайда мөмө-жемишти кайра иштетүүчү ишкана ачылды


Кадамжайдагы ишкана. 2018-жыл, март.
Кадамжайдагы ишкана. 2018-жыл, март.

Райондун Үч-Коргон айыл аймагында жаңы бышкан жана кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү, таңгактоочу ишкана ачылууда.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жана ЮСАИДдин Агро-горизонт долбоорунун колдоосу менен курулган бул чакан ишканада кургатылган мөмө-жемиштер таңгакталып, экспортко чыгарылат.

Ишкананын жетекчиси Сардор Мадазимовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, курулушка жана керектүү жабдууларды орнотууга 15 млн. сомго жакын каражат жумшалган. Апрель айында кадимкидей ишке киргени жаткан ишкана ачылса 30 жумуш орду түзүлүп, күнүнө 2,4 тонна мөмө-жемиш кайра иштетилет.

Учурда технологдор жумушчуларды окутуп-үйрөтүп жатышат. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев чакан цех аймактарды өнүктүрүүгө салымы чоң болорун белгиледи.

Кадамжай районунда жыл сайын орточо эсеп менен 21 миң 663 тонна мөмө-жемиш өндүрүлөт, анын ичинен 10 миң 200 тоннасы ички керектөөгө жумшалып, калганы Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Орусияга экспорттолот. (MdN)

XS
SM
MD
LG