УКМК жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат акыркы бир нече жыл ичинде токтоткон жана кыскарткан кылмыш иштерин Башкы прокуратурага өткөрүп берет.
Мындай милдеттенме берилгенин бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында журналисттерге Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.
Анын айтымында, бул иштер Коопсуздук кеңешинин катчылыгына келип түшүп, 12-мартта президенттин кароосуна жиберилди. Андан ары 1-июлга чейин бул иштердин иликтениши боюнча мамлекет башчыга кошумча маалымат берилет.
Өкмөттүк аппараттын мурдагы жетекчиси, кызматтан жакында кеткен Нурканбек Момуналиев "Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу бошотулган жокпу?" деген суроого Сагынбаев бул маалыматты тастыктай албасын айтты.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүнкү маалымат жыйынында коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөш, Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечимдеринин ишке ашуусу тууралуу маалымат берди. (ZKo)