Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Таяк жеген сегиз жаштагы кыздын өгөй энеси камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аялдын эки кичинекей баласы Бишкектеги балдар үйүнө, ал эми кыздын иниси шаардагы реабилитациялык борборго жайгаштырылды. Бул тууралуу "Балдарды коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, учурда Аламүдүн районунун үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү токмок жеген кыздын туугандарын издеп жатат:

- Биз балдарга психологиялык жардам берип жатабыз. Ал эми Бишкек мэриясынын зомбулуктан жабыркаган балдарды коргоо борбору укуктук жактан көмөктөшүүдө.

Сегиз жаштагы секелек денесинен жана башынан жараат алып, 11-мартка караган түнү Бишкектеги №3 балдар ооруканасына "Тез жардам" менен жеткирилген. Интернетте ал "өгөй энесинен запкы көргөн" деген маалымат тарап, Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы бул иш боюнча кылмыш ишин козгогон. Алгачкы иликтөөлөр көрсөткөндөй, кыз жашаган үй-бүлө үч ай мурун Бишкектин четиндеги Маевка айылына көчүп келген. Анда атасы, иниси, өгөй апасы жана эки аталаш сиңдиси жашайт. Кыздын атасы курулушта иштеп үй-бүлөсүн баккан. Ал эми кыздын өз энеси дайынсыз жоголуп кеткенине эки жыл болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG