Бишкектин Октябрь райондук милициясынын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.
Мекеменин сайтына чыккан кабарда окуя 13-мартта болгону, Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкери, 24 жаштагы тергөөчү кылмышка шектүү катары чакыртылган адамдан 8 миң сом алганы айтылат.
Шектүү адам ага карата козголгон кылмыш ишти жабуу үчүн тергөөчү 20 миң сом талап кылып жатканын айтып арызданган. Ошол арыздын негизинде 13-мартта Башкы прокуратура милиция кызматкерине карата Кылмыш кодексинин “пара талап кылуу” беренесинин негизинде иш козгогон.
Шектүү милиционер Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматтын Тергөө башкармалыгына жеткирилди. Кармоо учурунда анын чөнтөгүнөн алдын ала белги коюлган 8 миң сом табылганы айтылды.
8-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, ички иштер органдары өткөн эки жылда 65 миң кылмыш ишин козгогонун, анын 30% гана сотко өткөнүн, ал эми сотко жиберилген иштердин 44% боюнча айыпталуучулар кылмыш жообунан бошотулганын айткан. (RK)