Кен казуу тармагына экспорттук алым киргизүү демилгеси Кыргызстанга зыян тийгизиши ыктымал. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өткөн жыйында кен казуу компанияларынын өкүлдөрү билдиришти.
Эл аралык ишкердик кеңеш уюштурган жыйында кен казуучу ишканалардын өлкөнүн экономикасына кошуп жаткан салымын жана айрым фискалдык демилгелердин аларга болжолдуу таасирин талдаган изилдөө тартууланды.
Кен казуучу компаниялардын жетекчилери экспорттук алымдар Кыргызстандын экономикасына гана залака келтирбестен, көптөгөн ишканалардын жабылып калышына да алып келиши мүмкүн деп кооптонуп жатышканын билдиришти.
Буга чейин казылган кенди өлкө ичинде кайра иштетүүнү экономикалык жактан пайдалуу кылыш үчүн экспорттук алым киргизүү маселеси парламентте жана өкмөттө көтөрүлгөн болчу.
Расмий маалыматка караганда, 2016-жылы тоо кен компаниялары мамлекетке төккөн салыктын жалпы суммасы 7 миллиард сомдон ашкан. 2014-2016-жылдагы эсеп боюнча бул тармакта жалпысынан 17 миң адам иштеген. (ErN)