Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Сагынбаев мамлекеттик кызматкерлердин декларациясы жөнүндө түшүнүк берди


Сооронбай Жээнбеков менен Дамир Сагынбаев.
Сооронбай Жээнбеков менен Дамир Сагынбаев.

14-марттагы маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин билдиргени боюнча, мамлекеттик кызматкерлер, алардын ичинде сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн банк, салык жана башка жашыруун маалыматтарын кароого жазуу жүзүндө макулдугун беришет. Экинчиден, бул маалыматтардын баары Мамлекеттик салык кызматына келип түшөт. Салык кызматында бул маалыматтарды кароо боюнча атайын башкармалык түзүлөт.

Текшерүү учурунда декларациялар текшерилет. Шектүү декларациялар атайын көзөмөлдөөчү комиссияга берилет. Комиссия да Мамлекеттик салык кызматында түзүлүп, салык, каржылык чалгын, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын кызматкерлеринен куралат. Алардын аныктамасынан кийин маалыматтар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилет.

- Коопсуздук кеңешинин катчылыгы декларацияларды текшербейт, бул анын иши эмес. Биз бул ишти көзөмөлдөп, салык, прокуратурадан маалыматтарды сурап, мамлекет башчыга берип турабыз, - деди ал.

Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин катчылыгына 12-мартта президент Жээнбековдун жарлыгы менен дайындалган. Ошол эле күнү аны мамлекет башчы кабыл алып, коррупцияга каршы күрөш боюнча Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечимин ишке ашырууну тапшырган. Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин декларацияларын жакшылап текшерүү зарыл экенин белгилеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG