Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Британиялык окумуштуу Стивен Хокинг дүйнөдөн кайтты


Стивен Хокинг эл аралык конференцияда. Нью-Йорк, 12-апрель, 2016-жыл.
Стивен Хокинг эл аралык конференцияда. Нью-Йорк, 12-апрель, 2016-жыл.

Британиялык окумуштуу Стивен Хокинг 76 жашында көз жумду. Ал учурдун эң белгилүү жана урматка татыган илимпоздорунун бири болгон. Амиотрофиялык склероздон жабыркаган Хокинг 21 жашынан тартып майыптын арабасында отурган. 1963-жылы дартынан улам дарыгерлер анын эки жарым жылдык өмүрү калганын эскертишкен. Ага карабастан профессор илимге сүңгүп, эки ирет үйлөнүп, үч балалуу болгон.

Окумуштуу ааламдын келип чыгышын изилдеген. Анын ичинде "Кара туңгуюктар" теориясы тууралуу көптөгөн ачылыштарды жасаган. Ал татаал кубулуштарды карапайым элге жалпак тил менен түшүндүрүүгө умтулган. “Убакыттын кыскача тарыхы” китеби аны отуз жыл мурда дүйнөгө тааныткан. Стивен Хокинг 12 окумуштуулук даражага, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

XS
SM
MD
LG