560 кг өрдөк эти коңшулаш Тажикстандан мыйзамсыз ташылып киргени аныкталды. “Баткен” бажысынын маалыматы боюнча, этти Кыргызстандын жараны алып кирген. Мыйзамсыз жүк ЕАЭБ аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын аныктап, бөгөт коюу иштеринин натыйжасында кармалган.
Алынган маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын аткезчиликке каршы күрөш бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен облусунун Дөбө айылында “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү автоунааны текшерип, андан тиешелүү документтери жок, Тажикстандан ташылып келген 560 кг өрдөк этин табышкан. Товардын жалпы баасы 134 400 сомду түзөт.
Иш Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгына тергөөгө өткөрүлүп берилди.
12-март күнү Баткендеги чек арадан Тажикстанга мыйзамсыз чыгарылып бараткан жеринен 24 тонна күйүүчү май кармалган. (JsA)