Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:49

Мирзиёевдин сунушу боюнча Борбор Азия лидерлери жолугушуу өткөрөт


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

15-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия лидерлеринин Астанада өтө турган жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен алгачкы жолу уюштурулуп жаткан мындай жолугушууну эми жыл сайын кеминде бир жолу өткөрүү пландалып жатат.

Астана жыйынына Кыргызстандан тышкары Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын башчылары катышат. Эл аралык жана аймактык маанидеги актуалдуу маселелер талкууланат.

Сооронбай Жээнбеков казак президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, кызматташтыкты сүйлөшөт.

XS
SM
MD
LG