Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Автоунааларды кайра каттоо боюнча үч айлык өнөктүк болот


Бишкектеги автоунаа базары.
Бишкектеги автоунаа базары.

Апрель, май, июнь айларында ишеним кат менен алып жүргөн автоунааларды кайра каттоо үчүн жеңилдик берилет. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, бул өнөктүк учурунда автоунаанын техпаспортуна акы алынбайт, автоунаанын мурунку мамлекеттик номери калтырылат, мамлекеттик төлөм 1%дан 0,1% төмөндөтүлөт:

-Техникалык паспорт жаңыланбайт, анын ичиндеги "өзгөчө белгилер" деген жерине жаңы ээсинин аты-жөнү жазылып, мамлекеттик реестрге жаңы ээсинин аты-жөнүнө катталып, жазылат. Бул үчүн акы алынбайт. Бирок бул техпаспорт менен ээси чет мамлекетке чыга албайт. Чет мамлекетке чыгыш үчүн жаңы техпаспорт алууга тийиш болот.

Эржигитовдун маалыматы боюнча, өнөктүк 2-апрелден 30-июнга чейин болот. Иш-чара "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында ишке ашырылат. Ага ылайык өлкөдөгү автоунаалардын жана айдоочулардын базасы такталат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда 1 млн. 153 миң чамалуу автонуаа катталган. Алардын 60% ашыгы ишеним кат менен жүрөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG