Британ полициясы Лондондо мурдагы орусиялык ишкер Николай Глушковдун өлүмүн иликтей баштады. Маркум олигарх Борис Березовскийдин кеңешчисинин сөөгүн кызы Наталья Глушкова 12-марттын кечинде Кингстон районундагы үйүнө келип көргөн.
Глушкова 68 жаштагы атасын бирөөлөр муунтканын, колдун издери калганын айтканы менен тиешелүү мекемелер андай маалыматты ырастай элек.
Полициянын билдирүүсүндө Глушковдун «белгисиз жагдайда көз жумганы», ишти иликтөө Скотленд-Ярддын терроризмге каршы бөлүмүнө тапшырылганы айтылат. Ошондой эле полиция Глушковдун өлүмү менен Англиянын Солсбери шаарында Сергей Скрипалдын ууландырылышынын эч кандай байланышы жоктугун да белгиледи.
Глушков Британияга Орусиядан 2004-жылы качып барган. Ал өз мекенинде «Аэрофлот» компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп турганда "акча уурдап, көз боёмочулукка барган" деп айыпталып, үч жыл, үч айга кесилген. Түрмөдөн чыккандан кийин Березовскийдин жардамы менен Британияга качып барып, 2010-жылы саясий башпаанек алган.
2017-жылы анын иши Москвада кайра каралып, Глушков "122 миллион доллар уурдаган" деп айыпталган. Ал сыртынан сегиз жылга кесилген.
Глушков британ баш калаасында эч ким менен байланышпай, тынч жашап жүргөн.