Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:53

Кыргызстан менен Индия биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт


Кыргызстан менен Индиянын биргелешкен "Канжар-2018" машыгуусу. Сүрөт Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынан алынды.
Кыргызстан менен Индиянын биргелешкен "Канжар-2018" машыгуусу. Сүрөт Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынан алынды.

«Канжар -2018» деп аталган аскердик машыгуу 14-30-март күндөрү Индияда болот. Ага Кыргызстандын атынан Куралдуу күчтөрдүн кургактагы аскер контингенти катышат. Эки жума бою кыргызстандык жана индиялык аскерлер тоо шартында согушкерлерди жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операция жүргүзүүнүн жолдорун иштеп чыгышат.

Биргелешкен машыгуунун планы боюнча тактикалык, тоо, аскер-медициналык, ок атуу даярдыгы боюнча, чабуул учурунда имарат ичиндеги аракеттердин тактикасы жана катаал шарттарда жашоо аракетинин усулдары боюнча сабактар өткөрүлөт.

Ал эми машыгуунун маданий программасынын алкагында кыргызстандык аскер кызматчылары Индиянын тарыхый жерлерин кыдырып, индустарга Кыргызстандын маданияты жана тарыхы тууралуу чакан экспозиция уюштурушат.

Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Индия - Кыргызстандан курал-жарак импорттогон мамлекеттердин бири. (ZKo)

XS
SM
MD
LG