Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

ФИФА футболдо видео технологияны колдонууну талкуулайт


ФИФАнын эн белгиси
ФИФАнын эн белгиси

Эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино футбол оюндарында калыска жардам берчү видео кайталоону Перуда жүргөн учурунда да коргоду. Технологияны оюн учурунда олуттуу ката кетип, чыр чыкпасы үчүн киргизгени жатышат.

Инфантино видео жардамчы болбогон учурда калыс ар бир үчүнчү оюнда чоң ката кетирерин, ал эми видеонун жардамы менен ар бир 19 оюнда бир олуттуу жаңылыштык болору эсептелгенин жүйө келтирди.

Ошол эле учурда айрым футбол күйөрмандары, расмийлер ага каршы. Алар технология талаштуу маселе каралып жаткан учурда оюн токтоп тургандыктан көрүүчүлөрдүн түшүнбөстүгүн жаратат дешет.

Технологиялык системаны футболго киргизүү мартта өтө турган ФИФАнын кеңешинин жыйынында чечилет. Колдоо тапса Орусияда жайында өтө турган дүйнө чемпионатында колдонулары жарыяланган.

XS
SM
MD
LG