Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Сатыбалдиев: ЖЭБ боюнча мен кол койгон документте коррупция жок


Жантөрө Сатыбалдиев.
Жантөрө Сатыбалдиев.

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Азаттыктагы" маегинде Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялаш үчүн Кытай менен түзүлгөн макулдашуу тууралуу комментарий берди. Анын айтымында, ишкананы тез арада реконструкциялоо маселеси көптөн бери көтөрүлүп келген. Мекеме аралык комиссия түзүлүп, ал Кытайдан насыя алуу тууралуу сунуш киргизген.

- "Келишимге бир күндө эле кол коюлуп калды" дегенге мен караманча каршымын. Мекеме аралык комиссиянын чечимин өкмөт жактырып, насыя келишимине "кол кой" деген ыйгарым укукту берген. Андан соң насыя келишимин жактыруу боюнча өкмөт жыйыны болуп, Жогорку Кеңештин ратификациясына киргизилет. "Техникалык-экономикалык негиздемеси болгон эмес" деп атышат. Негиздеме насыя натыйжалуу болгондон кийин болот да. Насыя макулдашуусы болсо мыйзамдаштырылгандан кийин натыйжалуу болот. 2013-жылы сентябрда мен кол койгон кезде чырлуу эмей эле, "Кыргызстандын экономикасына пайда алып келет" деген акча болчу. Мен кол койгон документте бир да коррупциялык элемент жок деп деп абийир алдында да, мыйзам алдында да жооп берем, - деген Жантөрө Сатыбалдиев аткаруу, көзөмөл, эсеп-кысап иштеринде мүчүлүштүк кеткен болушу мүмкүн экенин, бирок ал иштерге катышпагандыктан бирөөнү күнөөлөй албай турганын кошумчалады.

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялаш үчүн Кытайдын Экспорт-импорт банкынан 386 миллион доллар насыя алуу тууралуу келишимге 2013-14-жылдары Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болуп турган кезде кол коюлган. Соңку убакта ЖЭБди модернизациялоого алынган насыянын максаттуу сарпталышы туурасында Сатыбалдиевдин да жоопкерчилигин кароо жөнүндө пикирлер айтылган. (NT/BkA)

XS
SM
MD
LG