Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:06

Бишкек-Ош жолунда дагы кар көчтү


Жолдо калган айдоочуларга ысык тамак уюштурулду.
Жолдо калган айдоочуларга ысык тамак уюштурулду.

14-мартта саат 17:40 чамасында Бишкек-Ош жолунун Чычкан капчыгайында эки жерде кар көчтү. Биринин көлөмү 2,88 миң, экинчиси 7,5 миң куб метр. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, көчкүдөн жабыркагандар жок. Кар бир саат ичинде тазаланган. Ал эми 13-мартта капчыгайдын Көчкүлүү-Булак тилкесине түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери дагы эле уланып жатат.

Ал жерде калган айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн ӨКМ жана жергиликтүү бийлик жылынуучу жай, ысык тамак уюштурган.

Ушул тапта "Сосновка" бекетинде 100, "Арал" бекетинде 40 оор жүк ташуучу, 50 жеңил унаа турат. Ал эми Өтмөк ашуусуна бурулган жерде 60 оор жүк ташуучу, 30 жеңил унаа турат. Жайыл районунун "Сосновка" бекетинен Таласка баруучу унаалар өткөрүлүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү толугу менен тазаланмайынча Бишкек-Ош унаа жолу ачылбасын эскертти. (ZKo)

XS
SM
MD
LG