Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:40

Өмүркул уулу: Бишкек ЖЭБин жаңылоого аз эле акча сарпталмак


Нурлан Өмүркул уулу

Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) мурунку жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу бул тууралуу 15-мартта журналисттерге билдирди. Анын сөзү боюнча, жаңылоо иштерине "ашып барса 250 млн доллар сарпталган, калган акчаны аспаптардын баасын кымбат көрсөтүү менен жок кылышкан".

Ал ошондой эле жаңы блок иштебесин мурда эле билгенин, химиялык цех курулбаса ал ишке кире албасын дагы бир ирет бекемдеп, ЖЭБди жаңылоодогу коррупциялык иштерге өзү аралашпаганын белгиледи:

- Мен коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, муну так айта алам. Биз аспаптардын баасы тууралуу мурда билген эмеспиз, аны көрсөтүшкөн эмес.

Бишкек Жылуулук электр борборунда январда болгон кырсыктан кийин негизги күнөөкөрлөрдүн бири катары Нурлан Өмүркул уулу кызматтан алынып, ордуна 2013-2017-жылдар аралыгында бул ишкананы башкарган Андрей Воропаев келген. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG