Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Бекешев: Өкмөт "Акылдуу шаар" боюнча маалымат берсин


Бишкек.
Бишкек.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев (КСДП фракциясы) өкмөт “Акылдуу шаар” долбоору боюнча парламентке маалымат бериши керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн жалпы жыйында айтты.

Депутат бул маселени Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш комитетинин күн тартибине киргизүүнү сунуш кылды.

Кыргыз өкмөтү «Акылдуу шаар» инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелер аткарылбаганына байланыштуу Кытай тарап менен түзгөн келишимден чыгууну чечкенин 14-мартта расмий жарыялады. Мындай чечим “келишимде жазылган мөөнөт сакталбагандыгына, тагыраак айтканда, долбоорду ишке ашыруу боюнча документтер сапатсыз даярдалышына байланыштуу” кабыл алынганы айтылды.

Кыргызстан "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен эки ай мурда келишимге кол койгон. Жалпы баасы 60 миллион долларлык долбоордун алкагында өлкөдөгү эки шаарга жана үч кан жолго көзөмөл камералары орнотулары айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG