Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Наристелер үчүн гемодиализдин жоктугу курч көйгөйгө айланды


Кыргызстанда беш жашка чейинки балдардын канын тазалоочу перитонеалдык гемодиализ жабдуусу жок. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун гемодиализ бөлүмүнүн башкы дарыгери Нурлан Туганбаев билдирди.

Аталган бөлүмдө бөйрөк жетишсиздигинен улам элүүдөн ашык бала гемодиализ жабдуусу аркылуу канын аптасына 3-4 ирет тазалатып турат. Бирок беш жашка чейинки балдардагы бөйрөктүн курч дарттарын дарылоо абдан кыйын болуп жатат.

Себеби өлкө боюнча бир да перитонеалдык диализ жабдуусу жок. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жакында эле кабыл алынган мамлекеттик-менчик өнөктөштүктүн негизинде курулчу жаңы борборлордо мындай жабдуу каралганын “Азаттык” радиосуна билдирди.

Ошентсе да дарыгерлер азырынча наристелерге тийиштүү жардам бере албай, жылына онго чукул бала бөйрөк жетишсиздигинен чарчап калууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG