Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Тарых музейи менен Киев көчөсүнө Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталды


Улуттук тарых музейи.
Улуттук тарых музейи.

Бишкектеги Тарых музейине кыргыз мамлекетин чейрек кылым жетектеген Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында депутат Алмасбек Акматов айтты. Ал Нарын облусунун Кочкор районунун жашоочулары, аксакалдары, эмгек ардагерлери кол койгон кат келгенин билдирди:

- Кайрылууда көрсөтүлгөндөй, президентибиз Сооронбай Жээнбеков Жумгал, Кочкор районунун тургундары менен жолукканда бул маселе оңунан чечилет деп айткан экен.

Депутат Жогорку Кеңештин атынан президентке ушундай өтүнүч менен кайрылуу жолдоону сууштады.

Ошону менен катар Бишкектин Киев көчөсүнө да Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталып жатканы айтылды. Бул тууралуу кайрылуу борбор калаанын депутаттарына жөнөтүлмөй болду.

Тарых музейи 2016-жылы реконструкцияга жабылган. Азырынча аны жаңылоо иштери аяктай элек. Өткөн айда президент Сооронбай Жээнбеков музейге “улуттук" деген макам ыйгарган. (RK)

XS
SM
MD
LG