Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстандын борбору Астанага учуп кетти. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, мамлекет башчынын сапары казак президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен уюштурулууда. Жээнбеков Назарбаев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, кызматташтыкты сүйлөшөт.
Астана жыйынына Кыргызстандан тышкары Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын башчылары катышат. Эл аралык жана аймактык маанидеги актуалдуу маселелер талкууланат.
Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Мындай жолугушуу эми жыл сайын кеминде бир жолу өткөрүлүп турары айтылган.(ZKo)