Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Өкмөт: "Акылдуу шаар" боюнча келишимден чыгуу оңой болгон жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Акылдуу шаар” долбоору боюнча кытайлык компания менен түзүлгөн келишимден чыгуу кыргыз өкмөтүнө оңой болгон жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында маалымат берип жатып өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди:

- Мындай чечимди кабыл алуу оңойго турган жок. Биринчи кезекте мамлекеттин келечекке болгон кызыкчылыктары, жарандардын коопсуздугу маанилүү. Өз күчүбүз менен кайсы бир убакта эл аралык донорлордун, потенциалдык инвесторлордун жардамы менен ишке ашырабыз. Өкмөт “Акылдуу шаар” долбоорун жаңы форматта тыкыр тактап жатат.

Кыргыз өкмөтү «Акылдуу шаар» инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелер аткарылбаганына байланыштуу кытайлык тарап менен түзгөн келишимден чыгууну чечкенин 14-мартта расмий жарыялады. Мындай чечим “келишимде жазылган мөөнөт сакталбагандыгына, тагыраак айтканда, долбоорду ишке ашыруу боюнча документтер сапатсыз даярдалышына байланыштуу” кабыл алынганы айтылды.

Кыргызстан бул боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен эки ай мурда келишимге кол койгон. Жалпы баасы 60 миллион долларлык долбоордун алкагында өлкөдөгү эки шаарга жана үч кан жолго көзөмөл камералары орнотулары айтылган.

Буга чейин да кыргыз өкмөтү чехиялык "Liglass Trading" компаниясы менен Кыргызстанда ГЭС куруу тууралуу келишимге кол коюп, кийин андан чыккан. "MegaCom" компаниясын сатуу боюнча орусиялык жеке ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканы кабарланып, кийин коомчулуктагы сын пикирлерден улам ал ишкер менен келишим түзүлбөй калган. (RK)

XS
SM
MD
LG