Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Мамлекеттик каттоо кызматкерлери кылмышка шектелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспортту жана айдоочуларды каттоо департаментинин жетекчилерине карата кылмыш ишин козгоду. Алар өткөн жылы Lexus GX 470 үлгүсүндөгү эки автоунааны жасалма документтер менен мыйзамсыз каттаганы аныкталган.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы маалымдагандай, кылмыш иши 304-берене (кызмат абалынан пайдалануу), 204-берене (аткезчилик) жана 210-берене (бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу) боюнча козголду.

Маалыматта айтылгандай, Интерполдун Кыргызстандагы бюросунун билдирүүсү боюнча, бул автоунаалар Грузиядан алынып келинип, өлкөгө мыйзамсыз киргизилген. Бул коррупциялык иштин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 2 млн 285 миң сом зыян келтирилгени айтылууда.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG