Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Учкун-2 конушунун тургундары Ак үй алдына нааразылыкка чыгышты


Учкун-2 конушунун тургундары Ак үй алдында.
Учкун-2 конушунун тургундары Ак үй алдында.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Учкун-2 жаңы конушунун тургундары 2003-жылдан бери мыйзамдуу деп санап жашап келген үйлөрүн эми сот "мыйзамсыз болгондуктан сүрдүрүлсүн" деп жатканына нааразы болууда.

Конуштун айрым тургундары бүгүн Бишкекте Ак үйдүн алдына чыгып, сот чечимин жокко чыгарууну талап кылышты. Өзүн Кызылгүл деп тааныштырган тургундун айтуусунда, жаңы конуштагы 700 турак жайдын 85ин сот мыйзамсыз деп тапкан:

- Жерди 2003-жылы алганбыз. Үй салып, балдарыбыз ошол жерде туулуп-чоңоюшту. Эми минтип биздин мыйзамдуу "Кызыл китептерибизди" мыйзамсыз деп, курган үйлөрүбүздү бузабыз деп жатышат. Биз жерди басып алган эмеспиз, сатып алганбыз.

Нааразылыкка чыккандар менен президенттик аппараттын сот реформасы жана каттар бөлүмүнүн өкүлү чыгып сүйлөшүп, маселе караларын билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG