Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Жээнбеков Астанада Назарбаев менен жолукту


Сооронбай Жээнбеков жана Нурсултан Назарбаев.
Сооронбай Жээнбеков жана Нурсултан Назарбаев.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев жолугушуу учурунда бүгүнкү Борбор Азия лидерлеринин кездешүүсүндө чоң иштер жасалаарына үмүттөнөрүн билдирди.

Кыргызстандын мамлекет башчысы чакыруусу жана жылуу кабыл алганы үчүн казак президентине ыраазычылык билдирип, бүгүнкү жолугушууда инвестиция, мигранттар, жарандардын кирип-чыгышы жана жалпы эле Борбор Азия аймагына сырттан кирген коркунучтарга каршы туруу жаатында сүйлөшүүчү көп маселелер бар экенин белгиледи.

Жээнбеков Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусун аймактагы тарыхый окуя катары баалап, мындай жолугушуулар салт болуп каларына үмүтүн билдирди.

15-мартта Казакстандын борбору Астана шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын жыйыны болот. Бул иш-чара Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен уюштурулууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG