Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:46

Иран: Тиллерсонду алуу менен Трамп өзөктүк келишимден чыгуу ниетин көргөздү


Аббас Арагчи.
Аббас Арагчи.

АКШнын президенти Доналд Трамптын мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонду кызматтан кетириши анын эл аралык өзөктүк келишимден чыгуу ниетин туюндурат. Бүгүн Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арагчи ушундай билдирүү жасады.

Тиллерсондун кетип жатканын Трамп 13-мартта жарыялап, анын ордуна Борбордук чалгын кызматынын башчысы, Тегеранга каршы катуураак позициясы менен белгилүү Майк Помпео дайындалаарын айткан. АКШнын президенти 2015-жылы Иран менен 6 мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишимди көптөн бери сындап, атүгүл Вашингтон андан чыгаарын эскерткен.

Документте "Тегеран өзөктүк ишмердигин токтотот, бул үчүн санкциялар жеңилдетилет" деп айтылган. Трамп Тиллерсон менен келишим боюнча пикир келишпестиктери болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG