Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

АКШ Путиндин Крымга барышын айыптады


Кошмо Штаттар орус президенти Владимир Путиндин аннексияланган Крымга барышын айыптады. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойерт жасаган билдирүүдө Вашингтон жарым аралды Украинанын бир бөлүгү деп эсептээри белгиленген.

14-мартта Путин Крымга барганда 2014-жылкы референдумду “чыныгы демократия” деп атады. Ал добуш берүүгө таянып Орусия кошуна өлкөнүн аймагын тартып алган.

Мамлекеттик департамент Москваны "эгемен мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн, эл аралык нормаларды урматтабайт" деп сындады.

Путиндин президенттик шайлоого 4 күн калганда болгон бул иш сапарын Украинанын жетекчиси “өтө кооптуу чагым” деп баалады.

Крымга бараарда Путин жарым аралды Орусиянын аймагы менен туташтырган Керч кысыгындагы көпүрөнүн курулушу менен таанышып кетти.

18-марттагы президенттик шайлоо Крым аннексияланган күндүн жылдыгына дал келүүдө. Украинанын парламенти БУУ, ЕККУ, Евробиримдик, НАТО жана башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүн жарым аралдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбоого чакырды.

XS
SM
MD
LG