Чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү 15-марттан 15-августка чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтынан аккредитациядан өтүп, паспортунун көчүрмөсүн, сүрөтүн жана толтурулган анкетаны электрондук почта аркылуу министрликке жиберүүгө тийиш.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукееванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, аккредитациялык карталар 20-27-август аралыгында даяр болот.
Үчүнчү Эл аралык көчмөндөр оюндары быйыл сентябрь айында Ысык-Көлдө өтөт.
Кыргызстанда биринчи жана экинчи Көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн. Анда негизинен ат оюндары, жаа атуу, куш салуу боюнча мелдештер болуп, дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген спортчулар катышкан. (ZKo)