Баткен районунун Т.Садыков атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу мындан эки жыл мурда чет тил мугалиминен башына таяк жегенин айтып, ата-энесине даттанган. Ошол кезде мугалим эжей менен баланын ата-энеси өз ара макулдашып, мугалим баланы дарылатууга убада берген жана Ош шаарына чейин алып барып дарыгерлерге текшерткен. Өткөн жумада бала баш оорусу күчөп, облустук ооруканага түшкөн. Мугалим баланы дарылатуудан жана чыгымдарды төлөөдөн баш тарткан учурда ата-энеси укук коргоо кызматына кайрылган.
Учурда Баткен райондук ички иштер бөлүмүндө иликтөө амалдары башталып, таяк жеген баланын ден соолугу боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. (JsA)