Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Милиция Көчмөндөр оюндарына карата англис тилин үйрөнө баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери кезектеги Көчмөндөр оюндарына карата англис тилин үйрөнө башташты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Усубакуновдун айтымында, алар үчүн атайын курс ачылып, бүгүн алгачкы сабактар өттү. Кызматкерлер чет элдик туристтердин айтканын түшүнүп, өзүлөрү датүшүндүрө алчудай болуу максаты коюлуп жатат.

500 милиционер башталгыч, орто жана улантуучу деген үч топко бөлүнүп окуйт. Аптасына бир жолу бир сааттан өтүүчү сабактарды Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл облустук университетинин окутуучулары алып барат.

III Көчмөн оюндарынын расмий ачылышы 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өтөт. (YRu)

XS
SM
MD
LG