Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, учурда Бишкек-Ош жолу жабык. Жолдун 246-чакырымына түшкөн кар көчкүнү тазалоого он бир техника тартылып, тазаланууда.
Азыр "Сосновка" постунда 140 оор жүк ташуучу, алты жеңил машине, "Арал" постунда 24 оор жүк ташуучу, 59 жеңил машине турат.
Мындан тышкары, Талас районунун Талды-Булак айылында 9 оор жүк ташуучу, 15 жеңил, Бишкек-Ош жолунун 198-чакырымындагы Өтмөк ашуусуна бурулган жерде 110 оор жүк ташуучу автоунаа топтолду. (NT)