Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:28

Чыгыш Гутадан жайкын тургундар коопсуз аймактарга агылууда


Чыгыш Гутадан качкандар. 15-март, 2018-жыл.
Чыгыш Гутадан качкандар. 15-март, 2018-жыл.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү козголоңчулардын колундагы Чыгыш Гута аймагына сокку урууну улантып, миңдеген киши качып чыгууга аракеттенүүдө.

AFP маалымат агенттиги жайкын тургундар, негизинен аялдар менен балдар жөө, машине же мотоцикл минип армия коридор ачкан Хаммурие шаары аркылуу агылып жатышканын маалымдады. Сириянын мамлекеттик телеканалы билдиргендей, 10 миңдей карапайым киши ал шаардан чыгып кетти. Бирок бул санды көз каранды эмес булактар тастыктай элек.

Британияда жайгашкан "Сирия обсерваториясы" уюму болсо куралдуу күчтөр өткөн айда Дамасктын жанындагы бул шаарчаны кайтаруу операциясын башташкандан бери 12 жарым миңге жакын киши Гутадан чыга качканын маалымдады. Батыш өлкөлөрү Сириянын бийлигин жана шериктерин чабуулдарды токтотууга үндөп келатышат. 400 миңге чукул киши кала берген шаарда гуманитардык кризис өкүм сүрүүдө.

Ал тапта аймактагы Дума шаарына кезектеги жардам жеткирилди. Бүгүн Сирияда согуш башталганына туура 7 жыл болду. Ошондон бери болжол менен 350 миңден ашуун киши каза тапканы маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG