Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:16

АКШ орусиялык дагы 19 кишиге санкция жарыялады


Бизнесмен Евгений Пригожин.

АКШнын Финансы министрлиги орусиялык 19 кишиге жана беш уюмга каршы жаңы санкцияларды жарыялады. Февралда атайын прокурор Роберт Мюллер аларды АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкендиги үчүн айыптаган. ​Санкцияларга кабылгандардын тизмесине бизнесмен Евгений Пригожин жана “троллдор фабрикасына” тиешеси бар адамдар киргизилген. Пригожин буга чейин Украинадагы жаңжалга тиешеси бар деп да санкцияга туш болгон.

Ал эми ишкана-уюмдардын арасында Орусиянын аскерий чалгындоо агенттиги (ГРУ), Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) жана башкалар бар.

АКШда Москванын Америкадагы шайлоого ыктымал аралашуусу иликтенип жатат. Орусия болсо дооматтарды четке кагууда.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG