Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:09

КСДП: Ишкердикти кылмыштуулуктан коргош керек


КСДП фракциясынын жыйыны. 16-март, 2018-жыл.
КСДП фракциясынын жыйыны. 16-март, 2018-жыл.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы 16-мартта кылмыштуулукка каршы күрөш жана ишкерликти коргоо маселесин карап жатат.

Жыйында вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев аткарылып жаткан иштерде бир топ натыйжа көрүнө баштаганы тууралуу баяндама жасады.

Кенекеевдин берген маалыматына караганда, учурда ишкерлерди мыйзамсыз текшерүү тескелип, бизнести кылмыштуулуктан коргоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Ал эми ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров кылмыштуулуктун деңгээли бир топ төмөндөп, анын бетин ачуунун көрсөткүчү жогорулаганын белгиледи. Ошол эле учурда ал диний экстремизмге байланыштуу кылмыштар көбөйүп жатканын айтып, бул багытта абал оор экенин билдирди.

Ички иштер министринин орун басарынын маалыматы боюнча, буга чейин токтотулган же болбосо кыскарып кеткен иштерди жандантып, кайра ал иштердин бетин ачуу аракеттери көбөйүүдө. "Дордой" жана "Ош" базарларында кылмыштуулуктун көрсөткүчтөрү бурмаланган учурлары боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатат. (KJ/ZKo)

XS
SM
MD
LG