Жалал-Абадда Унаа каражаттарын каттоо департаментинин айрым кызматкерлерине жана жеке нотариуска карата кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, алар "документтерди бурмалаган, Казакстандан жалпысынан 25 автомашинаны Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө катышкан" деп шек саналууда.
Көзөмөл мекемеси алардын мыйзамсыз иштеринен улам бажы төлөмдөрү төгүлбөй, мамлекет 16 миллион сомдук зыян тарткан деп эсептейт. Тергөө жүрүп жатат.
8-февралда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланганы Коопсуздук кеңешинин алгачкы жыйынын өткөрүп, күч жана укук тартибин коргоо органдарындагы коррупция маселесин көтөргөн жана катуу сын айткан.
Кечээ 15-мартта Башкы прокуратура “Ош” бажысында, Мамлекеттик каттоо кызматында, Ички иштер министрлигинин Криминалдык милициясында аныкталган жемкорлук фактылары боюнча кылмыш иштери козголгонун маалымдаган. (RK)