Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

"Электр станциялары": Бишкек ЖЭБин жаңылоо ийгиликтүү аяктаган


ЖЭБдин жаңыланган блогу.
ЖЭБдин жаңыланган блогу.

"Электр станциялары" ишканасы Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча долбоор ийгиликтүү аяктаган деп эсептейт. Бул тууралуу компания бүгүн тараткан түшүндүрмөдө айтылат.

Анда белгиленгендей, Кытайдын ТВЕА компаниясы менен Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде долбоор ийгиликтүү, үзгүлтүксүз жана кандайдыр кийлигишүүсүз аяктаган. Жаңылоонун натыйжасында борбордогу электр энергиясын иштеп чыгуучу станциясынын иши көбөйүп, өлкөнүн түндүгүн электр менен камсыздоонун коопсуздугу бекемделди.

"386 млн. доллар - ЖЭБдеги отканаларга орнотулган видеокамералар, 386 млн. доллар - өндүрүштө колдонулуучу аттиштер, 386 млн. доллар - жалпы долбоордун суммасы" деп белгилейт компания.

Ошондой эле түшүндүрмөдө жаңы блоктор ишке киргизилгенден тартып бир жылдык сыноо мөөнөтүнө берилери, бул аралыкта ТВЕА компаниясынын адистери өндүрүштүк процесстерди көзөмөлдөп, ошол эле учурда ЖЭБдин кызматкерлерин окутары айтылган.

Бүгүнкү күнү бардык жабдыктар Бишкек ЖЭБине өткөрүлүп берилди. Кытайдан химиялык блок куруш үчүн керектүү жабдыктар жүктөлгөн эки автоунаа келди, курулуш иштери март айынын аягында башталып, июль айында аяктайт.

"Электр станциялары" компаниясына жылына 14 млрд. кВт саат электр энергиясын иштеп чыгуучу ГЭСтер менен ЖЭБдер карайт. Бишкек ЖЭБинин электр станциясында өлкөнүн түндүгүн камсыз кылуучу электр энергиясынын 10% иштелип чыгат.

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши 2014-жылдын 26-апрелинде башталып, былтыр аягына чыккан. Модернизациялоо долбоору 386 млн. долларга бааланган. Быйыл 26-январда болгон өндүрүштүк кырсыктан кийин 386 млн. доллар насыя жумшалган долбоор "техникалык-экономикалык негиздемеси жок, аны салган ишкана тендерсиз эле тандалып алынган" деген сындарга кабылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG