Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Бишкекти Так пландаштыруу планы талкууланып жатат


Бишкектин планы: Метронун схемасы.
Бишкектин планы: Метронун схемасы.

Талкуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусу менен өтүп жатат. Бишкектеги долборлоо институтунун жетекчиси Жыргалбек Асаналиев берген маалымат боюнча, баш калааны Так пландаштыруу планына шаар борборундагы 3 540 гектар жер камтылган. Ал эми пландын авторлорунун бири Рысбек Кокоевдин маалыматы боюнча, жаңы планга ылайык, борбордук бөлүктө 53 бала бакча, 47 мектеп, ал эми 250 гектар жерди парк ээлейт:

- Ленин заводунун ордун да көбүнчө парктар ээлейт, бул заводдун өндүрүштүк зонасы 506 гектар. Борбордук бөлүктө 276,4 миң киши жашайт деп болжолдоп жатабыз. Шаар бийикти карай өсөт.

Кокоевдин маалыматы боюнча, борбордук бөлүктө жер үстүнөн жүрүүчү алты метро линиясы курулат.

Бишкекте Так пландаштыруу планын буга чейин жарандык активисттер сындап чыгышкан. Алар долбоорго мектеп, бала бакча, парктар аз киргизилип, негизинен соода жана көңүл ачуу жайлары ээлеп калганын айтып келишет. (ErN/ZKo)

XS
SM
MD
LG