Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Мухаммедкалый Абылгазиев президенттик аппаратты жетектейт


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-мартта кол койгон жарлыкка ылайык, Мухаммедкалый Абылгазиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.

Мухаммедкалый Абылгазиев 1968-жылы 20-январда Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган. 1994-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Буга чейин Социалдык фондду жетектеп, 1-вице-премьер-министр; президенттин кеңешчиси, президенттик аппарат башчысынын орун басары болуп иштеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG