Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Былтыр кыргызстандык 12 баланы чет өлкөлүктөр асырап алган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу бүгүн "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигинин өкүлү Жаңыл Жумабаева билдирди. Анын айтымында, акыркы алты жылда 6 713 бала асыроого берилген, булардын ичинен 87 баланы чет өлкөлүк жарандар багып алган.

Жумабаева берген маалымат боюнча, чет элдик жарандарга асыроого берилген бардык балдар консулдук каттоого алынган. Консулдук кызмат аркылуу балдардын азыркы жашоосу тууралуу маалымат алынып турат.

Былтыр 718 баланы жергиликтүү жарандар багып алышкан.

Укук коргоочулар акыркы жылдары Кыргызстанда жергиликтүү бала асыроочуларга артыкчылык берүү багытында саясат жүргүзүлүп жатканы чет өлкөлүктөргө асыроого бала берүү системасын татаалдаштырганын айтып жүрүшөт. Алар талап катуулаганы менен оор операцияга, дарылоого муктаж жетим балдардын көбүн жергиликтүү тургундар эмес, чет элдиктер гана багып алышарын белгилешет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG