АКШнын Флоридада штатында кара жолдун үстүндө курулган жөө адамдардын көпүрөсү урап түшүп, андан кеминде төрт киши каза тапты. Окуя Маямидеги Флорида эл аралык университетинин аймагында 15-мартта болгон.
Жергиликтүү расмий өкүлдөр билдиргендей, көпүрөнүн урандыларынан тогуз адам чыгарылып, ооруканага жөнөтүлдү. Урандылардын алдында дале сегиз автоунаа кала берүүдө.
Суитуотер шаарчасы менен университеттин аймагын байланыштырган 950 тонналык көпүрө 10-мартта эле орнотулган.
Алгач флоридалык сенатор кырсыктан 10го жакын адам каза тапканын билдирген эле. Бирок бул маалымат азырынча тастыктала элек.
Кырсык Флорида университетинин студенттери жазгы каникулда жүргөн маалда болду.