Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Талас: Мугалимди кыйноого шектүү милиционерлер камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таластын Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкерине карата кылмыш иши козголуп, алар 14-мартта облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул маалыматты облустук ички иштер башкармалыгы ырастады.

Райондук прокуратура аларга карата Кылмыш-Жаза кодексинин “Кыйноо” беренеси боюнча иш козгогонун «Азаттыкка» прокурор Замир Жумабеков билдирди.

Шектүү милиционерлер эки ай мурун Бакай-Ата районундагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеген 33 жаштагы жергиликтүү тургунду "мал уурдады" деген шек менен үйүнөн күч колдонуп алып кетип, райондук милиция бөлүмүндө кылмышты мойнуна алдырыш үчүн ур-токмокко алган деп айтылууда. Натыйжада мугалимдин ден соолугуна залал келтирилгени аныкталган.

Факты боюнча иш 5-мартта козголгон. Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Таластагы башкармалыгы тергеп жатат. (AlS)

XS
SM
MD
LG