Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

17-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

17-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 9…14;

Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 9...14;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;

Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4, күндүзгү жогорку температурасы 10…12 градус болот.

XS
SM
MD
LG