Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 14:06

21-март - Нооруз күнү Бишкекте чет өлкөлүк элчиликтердин кызматкерлери менен чогуу уюштурулган дипломатиялык жармаңке өтөт. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын башкы дипломатиялык мекемеси демилге көтөргөн бул майрамдык иш-чарага 20дан ашуун элчилик менен өкүлчүлүктүн өкүлдөрү катышып, өз улуттук тамак-ашын, кол өнөрчүлүгүн, дизайнердик буюмдарын тартуулашат. Улуттук чыгармачыл жамааттардын концерти да өтөт.

Бул кайрымдуулук иш-чарасы ар бир улуттун маданий өзгөчөлүктөрүн гана тартуулабастан, социалдык максатты да көздөйт. Себеби жармаңке учурунда түшкөн каражат Кыргызстандагы социалдык мекемелерине жардам иретинде өткөрүлүп берилет. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG