Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдышарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, Чычкан капчыгайына түшкөн көлөмдүү кар көчкү тазаланып, жол каттамы ачылды:
- Бишкек-Ош жолунда кар көчкү коркунучу сакталып турганына байланыштуу, 17-марттан тартып аны күчтөп түшүрүү аракеттери башталат, - деди ал.
Бекиловдун маалыматы боюнча, жол 16-мартта 17:40та ачылды. Учурда 500 метр аралыкта бештен унаа кое берилип жатат.
13-мартта Чычкан капчыгайындагы Көчкүлүү-Булак тилкесине көлөмү 2,5 млн. куб метр болгон көчкү түшүп, жол бөгөлүп калган. Жабыркагандар болгон жок. 13-16-март күндөрү Бишкек-Ош жолунда түрдүү көлөмдөгү беш кар көчкү катталган.
13-марттагы көлөмдүү кар көчкүнү тазалаш үчүн Бишкек-Ош магистралы жабылган. (ZKo)