Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Айгүл Текебаева: Өмүрбектин ден соолугуна кооптонуп жатам


Айгүл Текебаева "Азаттыктын" студиясында.
Айгүл Текебаева "Азаттыктын" студиясында.

Өмүрбек Текебаев дарыгерлер бир жыл мурда жазып берген дарыларды ичип жатат, андан бери ошол дары-дармектин таасири канчалык болуп жатканы эч текшериле элек. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып саясатчынын жубайы Айгүл Текебаева билдирди. Ал күйөөсүнүн ден соолугуна кооптонуп жатканын айтты:

- Артериялык кан басымы улам көтөрүлүп, жүрөгү да кээде тез-тез согуп кетет экен. Ал эми ичкен дары-дармеги бир жыл мурда жазып берилген бойдон. Аябай көп дары ичет экен. Өзүбүз улам сатып алып барып беребиз. Адатта бейтаптын абалына жараша дарыны алмаштырып же өлчөмүн азайтып-кемитип турушат эмеспи. Бирок Өмүрбекке андай мүмкүнчүлүк бербей жатышат. "Бир жума сыртка алып чыгып, атайын жабдыктар менен бир сыйра текшертип алалы" деп сурансак, андан да “коопсуздугуна кепилдик бере албайбыз” деп баш тартып коюшту. Менин көзүмчө улам өзүн жаман сезип кетип жатканын көрдүм. “Жүрөгүм сыгылып ооруп жатат” деди. Билесиңер, ал өзү даттанганды жаман көрөт, айтпайт. Мен буга абдан кабатырмын жана кооптонуп жатам.

Айгүл Текебаева күйөөсү менен 15-мартта жолугуп чыкканын, камерасына орнотулган видеобайкоо дагы эле алына электигин айтты.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен былтыр февраль айында камакка алынган. 2017-жылдын ноябрь айында Жогорку сот эки саясатчыны сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Соттолгондор муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап жүрүшөт.

Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Чүйдөгү Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган. (RK)

XS
SM
MD
LG