Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:43

Орусиялык дипломаттар Британиядан 20-мартта чыгып кетет


Орусиянын Лондондогу элчилиги
Орусиянын Лондондогу элчилиги

Орусиянын 23 дипломаты үй-бүлөсү менен Британиянын борборунан 20-мартта чыгып кетишет. Бул тууралуу Орусиянын Британиядагы элчиси Александр Яковенко билдирди.

Буга чейин Британ өкмөтү мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын ууландырылышы боюнча Орусияны айыптап, 23 орусиялык дипломатты өлкөдөн чыгарууну чечкен. Буга жооп катары орус бийлиги да британ дипломаттарын өлкөдөн чыгараарын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Лавров канча британ дипломатына чара качан көрүлөөрүн так айткан жок

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Москванын бул чечими тууралуу маалымдама Лондонго жакынкы сааттарда расмий айтылат деп кабарлаган эле.

Орус чалгындоо кызматынын мурдагы полковниги, азыркы британ жараны Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында ууландыруунун белгилери менен ооруканага жеткирилип, дагы эле оор абалда жатышат.

Британ бийлиги бул окуяга Москванын тиешеси бар деп күнөөлөп жатат.

XS
SM
MD
LG