Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Аксы окуясынын жабырлануучулары премьер-министрге кайрылды


Аксы окуясынын жабырлануучулары кайрылууларына өкмөттөн жооп болбой жатканын айтышты. 16 жыл мурдагы каргашаны эскерүү маалында Аксы окуясынын жабырлануучусу Максатбек Момуналиев премьер-министр Сапар Исаковго кайрылып, жабырлануучуларды акысыз медициналык кароодөн өткөрүп туруу боюнча катка жооп болбой жатканын айтты.

“Бүгүн биз бул жерде сизден жакшы жаңылык угабыз деп кубанып келгенбиз. Бирок андай болгон жок. Ушул жылдын февраль айында президентке да кайрылуу кат жолдогонбуз. Жабырлануучулардын ден соолугун чыңдоо үчүн акысыз медициналык жардам көрсөтүү тууралуу токтом аткарылбай жатат. Ушул маселени чечип бересиздер деген үмүттөмүн”, - деди Момуналев.

Өкмөт башчы Сапар Исаков бул багытта сөзсүз жооп болоорун жана алардын өтүнүчү орундаларын айтты.

Бүгүн Аксынын Боспиек айылында эскерүү иш-чарасы өттү. Ага премьер-министр Сапар Исаков, президенттин аппарат жетекчиси Мухамбеткалый Абылгазиев баштаган бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG