Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 09:59

Бишкектеги “Медиа форум” ишканасынын алдында Аксы окуясын эскерүүгө арналган иш-чара өтүүдө. Ага Апрель ыңкылабынын катышуучулары, “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун өкүлдөрү, КСДПнын активисттери катышууда.

Алар президент Сооронбай Жээнбековду мурдагы президент учурунда башталган коррупцияга каршы күрөштү улантууга, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөгө, Аксы жана Апрель окуялары үчүн күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.

“Медиа форум” ишканасында Социал-демократиялык партиянын кеңсеси жайгашкан жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакындарына таандык экени айтылып келет. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG