Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Орусия 23 британ дипломатын өлкөдөн чыгарат


Орусия бир апта ичинде Британиянын 23 дипломатын өлкөдөн чыгарат. Буга кошуча Орусияда илим жана билим берүү тармагында иш алып барган Британия кеңеши уюму ишин токтотот жана Санкт-Петербургда британ башкы консулдугу ачылбайт. Бул тууралуу Британиянын Москвадагы элчиси Лори Бристоу билдирди. Ал бүгүн эртең менен Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылган эле.

Кремль мындай чараларды Британиянын тыңчы Сергей Скрипалды ууландыруу дооматына жооп катары кабыл алды.

Буга чейин Британ өкмөтү мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын ууландырылышы боюнча Орусияны айыптап, 23 орусиялык дипломатты өлкөдөн чыгарууну чечкен. Орус дипломаттары Лондондон 20-мартта чыгып кетээри белгилүү болгон.

Орус чалгындоо кызматынын мурдагы полковниги, учурда британ жараны Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында ууландыруунун белгилери менен ооруканага жеткирилип, дагы эле оор абалда жатышат.

Британ бийлиги бул окуяга Москванын тиешеси бар деп күнөөлөп жатат.

XS
SM
MD
LG