Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:24

Си Цзинпин Кытайдын төрагалыгына кайрадан шайланды


Кытай Коммунисттик партиясынын башкы катчысы Си Цзинпин өлкөнүн төрагасы болуп кайрадан шайланды. Анын талапкерлиги үчүн Эл өкүлдөрүнүн бүткүл Кытай жыйынынын 2970 мүчөсү добуш берди. Ошондой эле Си Цзинпин Кытайдын борбордук аскер кеңешин да жетектей турган болду.

Буга чейин Кытайда Си Цзинпиндин бийликте белгисиз мөөнөткө же өмүр бою калышына жол ачылган. Өлкө парламенти - Эл өкүлдөрүнүн бүткүл Кытай жыйыны Конституцияга сунуш кылынган өзгөртүүнү бир добуштан колдогон эле.

Кытайдын кайрадан шайланган төрагасын Орусиянын президенти Владимир Путин куттуктап, "досум" деп атады.

XS
SM
MD
LG