Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы ири өлчөмдө салыкты жашыруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. Маалыматка ылайык, "ТяжМашПромТорг" деп аталган компания атайын схемалар менен салыктарды жашырып жүргөн.
Буга чейин УКМК Салык кызматындагы коррупциялык схеманын бетин ачканын кабарлаган. Ага ылайык, жасалма документтер менен өлкө бюджетинен 217 миллион сом чыгарылып кеткен. Бул кылмыш боюнча беш салык кызматкери жана "Полларис", "Интеррустрейд" деп аталган ишканалардын жетекчилери камакка алынган.
Экономикалык кылмыштарга каршы кызматы "ТяжМашПромТорг" дал ушул схеманын негизинде салык жашырып жүргөнүн аныктап, тергөө иштерин баштады. (BkA)